ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯНЫ ЧАГЫЛДЫРУУДАГЫ АЯЛДАРДЫН ОРДУ

Уркия УЗЕНБАЕВА

Туркологик тадқиқотлар · 2025-yil

Annotatsiya

Аннотация: Ар бир улуттун маданиятын, тарыхын, аң-сезимин сактоо, биринчи кезекте турат, ошол себептен элдин руханий байлыгына жана социалдык абалына жараша болот. Улуттук идеология бул элдин тарыхы жана жашоо образы келечек муундан муунга багыт берген руханий жол. Мындай идеяны калыптандырууда аялдардын ролу өзгөчө мааниге ээ десек болот. Айрыкча биздин коомубузда аял эне, тарбиячы жана маданиятты сактоочу баалуулуктарды ташуучу инсан, ошондой эле улуттук идеологияны калыптандырууда сактап калуучу, чечүүчү инсан. Кыргыз коомунун түзүлүшүнө аял салт-санаанын жана руханий мурастын негизги сактоочусу катары эсептейбиз. Энелер бизге тилди үйрөтөт, тарыхты жана балдарга тарбия берет. Бул нерсенин натыйжасында аял өзүнүн каада-салтын, тилин, динге болгон ишенимдерин жана дүйнө таанымын муундан муунга жеткирип берүүчү инсан катары айтсак болот. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы улутубуздун руханий мурасын сактоодо, жайылтууда зор роль ойнойт. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында улуттук салттарды жана жалпы адамзаттык гуманисттик идеяларды айкалыштырып, чагылдырып берген жазуучу десек жаңылышпайбыз. Анын көркөм дүйнөсүнүн маанилүү элементтеринин бири аял образы көп кырдуу, жандуу, символдуу деп айта алабыз. Негизги сөздөр: маданият, повесть, религия, роман, субьект, традиция, симбол, элемент.

Maqola ma’lumotlari
MualliflarУркия УЗЕНБАЕВА
JurnalТуркологик тадқиқотлар
Nashr sanasi2025-12-27
Tilky
DOI10.5281/zenodo.18340368

Туркологик тадқиқотлар jurnalidan boshqa maqolalar

Туркологик тадқиқотлар — barcha maqolalar