КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ДЫЙКАНЧЫЛЫК ӨНӨРҮН ЧАГЫЛДЫРГАН МЕТАФОРАЛАР ЖАНА ТАБЫШМАКТАР

Элмира ХУРИБАЕВА

Туркологик тадқиқотлар · 2025-yil

Annotatsiya

Аннотация: Бул макалада кыргыз тилиндеги дыйканчылык өнөрү менен байланышкан метафоралык туюнтуулар жана табышмактар кеңири талдоого алынат. Дыйканчылык — кыргыз элинин байыркы маданиятынын жана жашоо-тиричилигинин маанилүү бөлүгү. Анын тилдеги чагылышы элдин ой жүгүртүүсүн, айлана-чөйрөгө болгон мамилесин, жаратылыш кубулуштарын көркөмдөп берүү чеберчилигин айгинелейт. Изилдөөдө дыйканчылыкка, айдоо иштерине, түшүмгө жана ага байланыштуу эмгек куралдарына тиешелүү метафоралар менен табышмактардын маанилик өзгөчөлүктөрү жана лингвомаданий мааниси каралат. Ушул тилдик бирдиктер аркылуу кыргыз элинин салттуу билими, маданий коддору жана образдуу сүйлөө чеберчилиги кандайча сакталып жана берилип келгени ачылып берилет. Макала кыргыз тилинин сөз байлыгын, этнолингвистиканы жана фольклорду изилдегендер үчүн актуалдуу жана пайдалуу болот. Негизги сөздөр: дыйканчылык өнөрү, метафора, табышмак, трансформация, символ, философия, логикалык ой-жүргүртүү.

Maqola ma’lumotlari
MualliflarЭлмира ХУРИБАЕВА
JurnalТуркологик тадқиқотлар
Nashr sanasi2025-12-27
Tilky
DOI10.5281/zenodo.18340094

Туркологик тадқиқотлар jurnalidan boshqa maqolalar

Туркологик тадқиқотлар — barcha maqolalar